Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2022-жылы 4-октыбры № VI/I
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлүп калган акча-каражаттарды статьядан статьяга жылдырып берүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасо-ванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлүп калган акча-каражаттар кайрадан бөлүштүрүлүп пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнөн үнөмдөлгөн: сугат суу системасын колдоо үчүн бөлүнгөн акча каражатынан 224,5 миң сомду Д.Өмүралиев көчөсүнө тротуар куруу үчүн Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
3. Д.Өмүралиев көчөсүнө курулуп жаткан тротуардын сапатына көзөмөл жүргүзүү үчүн көзөмөлдөө акысына 30,0 миң сом бөлүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамытовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасовага тапшырылсын.
Төрөга: | М.Мааткабылов |