Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

2021-жылдын 27-январы № 240

Бает айылындагы Ленин көчөсүнө Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтомунун, Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесин жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 11.01.2021-жылдагы №1/0-39 кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Бает айылындагы Ленин көчөсүн Мамлекеттик жана коомдук ишмер 'Жусуп Абдрахманов" атында койулсун.

 

2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.  Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция, коомдук. өкмөттүк эмес уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Кожокеев