Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 158
Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» VIII-бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин жана 2021-2022 жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлорун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1 .Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгышылары боюнча 42963,5 сом (кырк эки миллион тогуз жүз алтымыш үч миң беш жүз) сом, анын ичинде атайын каражаттар боюнча 950,0 (тогуз жүз элүү миң) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
2. 2021- жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 47604,5 (кырк жети миллион алты жүз төрт миң беш жүз) сом, өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
3. 2022- жылга карата 49508,7 (кырк тогуз миллион беш жүз сегиз миң жети жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М. Сарбагышевге жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |