Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 30-январы № 160
2020-жылдын үчтүн айынын 1ине карата Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын жергиликтүү бюджетинин калдык акча- каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2020-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттын чыгымдарга бөлүп берүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 9106,1 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча-каражаттарынын эсебинен жыл ичинде төмөндөгүдөй чыгымдарга бөлүнүп берилсин:
- А.Түмөнбаев орто мектебинин тегерегин тосуу-248,0 миң сом;
- Бает айылындагы бала бакчага саркынды суу топтоочу жай куруу-899,4 миң сом;
-Сары-Ой айылына караштуу Жайыл көчөсүнө түнкүсүн жарык берүүчү фонарларды орнотуу -235,2 миң сом;
- Трансформатор алуу үчүн - 430,0 миң сом:
- Таза суу насосун сатып алуу үчүн -138,9 миң сом;
- Өрнөк айылындагы жаңы конуштарга электр линиясын тартуу учүн -900,0 миң сом;
- Орто мектептерге даараткана куруудагы калдык карызы -50,5 миң сом;
- Аппарат кызматкерлерине 2 айлык сыйлык акы, соц. фонду менен -734,0 миң сом;
- Коммуналдык чарба кызматкерлеринин айлык маянасы үчүн -225,9 миң сом;
- Айыл Өкмөтүнүн имаратынын чатырын алмаштыруу -300,0 миң сом;
- Өрнөк орто мектеби, Бает. Чоң-Сары-Ой айылындагы бала бакчаларга видеокөзөмөл орнотуу 500,0 миң сом;
- Сары-Ой айылындагы спорттук залды кеңейтүүдө кошумча курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 500,0 миң сом;
- Айылдарда соода сатык кылуу үчүн базарларды орнотууга -1347,0 миң сом;
- Таштанды салынуучу бактарды жасатуу -50,0 миң;
- УАМ согуштун катышуучуларына арналган эстеликти көрктөндүрүү -194,2 миң сом;
- Лизинг аркылуу айыл чарба техникасын алуудагы баштапкы төлөмү -2040,0 миң сом;
- Айыл чарба техникасын камсыздандырууга -113,0 миң сом;
- Айланма каражаттын жүгүрүмдүүлүгү үчүн кассага -200,0 миң сом.
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышевге жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |