Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 230
Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин Кыргыз Реепубликасынын "Бюджеттик Кодексинин" VIII-бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин планы толук аткарылбай калгандыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
I. Чон-Сары-Ой айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджет Республикабызда болуп жаткан инфекциясынын кесепетинен план аткарылбай калгандыгын эске алуу менен 10242,5 (он миллион эки жүз кырк эки миң беш жүз ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинин планыпан кыскартылсын.
- О.Джумаев мектеби | - 1600,0 | ||
- Орнок орто мектеби | - 400,0 | ||
- "Ынтымак бала-бакча" | - 3 19,8 | ||
- Спорт тармагы | - 650,0 | ||
- Маданият иш чарасы товарларды жана кызматтарды пайдалануу | - 280,0 | ||
- Маданият иш чаралары товарларды жана кызматтарды сатып алуу | - 160,0 | ||
- АУП товарларды жана кызматтарды пайдалануу | - 400,0 | ||
- АУП товарларды жана кызматтарды сатып алуу | - 400,0 | ||
- АУП негизги каражаттар | - 200 | ||
- ЖКХ товарларды жана кызматтарды пайдалануу | - 2000,0 | ||
- ЖКХ товарларды жана кызматтарды сатып алуу | - 800,0 | ||
- ЖКХ негизги каражаттар | - 3032,7 | ||
2. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармaлыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана ФЭБ нун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы "Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча" труктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Кожокеев |