Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 159
Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн мунининалдык кызматкерлеринин айлык маянасына кошумча акча- каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын бугу айынын 30дагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 31 беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1 мартындагы «Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» № 131 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, муниципалдык кызматкерлерди социалдык жактан колдоо максатында, айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпированын айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин функционалдык милдеттеринен тышкары аткарган иштери үчүн кызмат акыларына 30 пайыз өлчөмгө чейин кошумча акча- каражаты каралып бекитилсин.
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомду макулдашуу жагы Финансы Министрлигинин Ысык-Көл башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Сарбагышевге жана ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |