Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
2020-жылдын 26-октябры № 193
2020-жылдын үчтүн айынын 1ине карата Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын жергиликтүү бюджетинин калдык акча- каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» VIII-бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык, жана Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2020-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттарына өзгөртүү киргизүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 1180,0 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча-каражаты айыл аймагында Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, төмөндөгү чыгымдарга бөлүнүп берилсин:
- Күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн -100,0 миң сом;
- Кемүр алуу үчүн -30,0 миң сом;
- Чарбалык буюмдарды алуу үчүн -150,0 миң сом;
- Электр энергия үчүн - 100,0 миң сом;
- Генератор сатып алуу үчүн -300,0 миң сом;
- Социалдык жардам үчүн -500,0 миң сом.
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомду макулдашуу жагы Финансы Министрлигинин Ысык-Көл башкармалыгы менен макулдашылсын.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | Э. Кожокеев |