Редакцияот 03.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы

2021-жылдын 3-марты № 255

Арыздарды кароо боюнча

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып, Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну Элекеев Кылычбек Жалиловичтин Баткен коогаланынын катышуучуларына жер участогун беруу боюнча жазган арызын карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну Элекеев Кылычбек Жалиловичтин арызы колдоого алынсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын тиешелуу иш кагаздарын камсыз кылуу Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.

 

З.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча труктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Кожокеев