Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-октябры № 6
Жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүк жерлер категориясына которуу жѳнүндѳ
Отуз-Адыр айыл аймагынын Кызыл-Абад жана Фархад айылдарында жайгашкан 5,30 га жайыт жерди ѳндүрүштүк багытта пайдалануу максатында,Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Отуз-Адыр айыл аймагындагы
А)Кызыл-Абад айылынын Ак-Жар участкасындагы
№ 343 контурда жайгашкан 2,4 га жайыт жер
Б)Фархад айылынын
№ 44 контурунда жайгашкан 2,1 га жайыт жер,анын ичинен 0,50 га
№ 81 контурунда жайгашкан 0,5 га жайыт жер
№ 82 контурунда жайгашкан 1,9 га жайыт жер
Жалпысы болуп 5,30 га жайыт жерди ѳндүрүштүн,транспорт-байланыштын жана башка максаттарга пайдалануунун категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин негизинде 5,30 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүн, транспорт-байланыштын жана башка максатта пайдалануунун категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев)
Төрага | Т. Жумаев |