Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-октябры № 5
Айыл аймагындагы жарандардын турак-жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында жайыт жерлерди которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Отуз-Адыр айыл аймагындагы турак-жай курууга муктаж болгон айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн айыл аймагына караштуу жайыт жерлердеги тѳмѳндѳгү контурлардан;
А) Жаңы-Кызыл-Суу айылынан
№ 228 – 1,1 га жайыт жер
№ 230 – 2,5 га жайыт жер
Б)Чоок калктуу конушунан;
№ 122 – 5,1 га жайыт жер ичинен 4,1 га жайыт жер
Жыйынтыгы; 7,7 га жайыт жер
Жалпысы болуп Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу 7,7 га жер аянтын айыл чарба жерлери категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которуу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте иш кагаздары даярдалсын.
2.Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнѳн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Мурзаев)
Төрага | Т. Жумаев |