Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-октябры № 4
Айыл аймагындагы жарандардын турак-жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында бак жана кайрак айдоо жерлерди которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы турак-жай курууга муктаж болгон айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн айыл аймагына караштуу бак жана кайрак айдоо жерлердеги тѳмѳндѳгү контурлардан;
А)Кызыл-Абад айылынан;
№ 261- 6.21 га эски бактын орду
Б)Жаңы-Кызыл-Суу айылынан;
№ 229 – 25,0 га кайрак айдоонун ичинен 20,0га
В)Чоок калктуу конушунан;
№ 117 – 4,7 га кайрак айдоо
Жыйынтыгы 6,21 га бак,24,7кайрак айдоо
Жалпысы болуп Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу 30.91 га жер аянтын айыл чарба жерлери категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которуу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте иш кагаздары даярдалсын.
2. Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнѳн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Мурзаев)
Төрага | Т. Жумаев |