Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин кезексиз XXIХ сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-октябры № 2
Айыл аймагынын айылдарындагы кѳчѳлѳрдүн аталыштарын ѳзгѳртүп,аларга татыктуу инсандардын фамилияларынын аталыштарын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жѳнүндѳ” Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Жаңы-Кызыл-Суу айылы боюнча;
а) Жаңы-Кызыл-Суу айылындагы Кыргызстан кѳчѳсүнүн аталышы ѳзгѳртүлүп,кѳчѳгѳ Эшенкулов Сатыбай атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.
б)Жаңы-Кызыл-Суу айылындагы Жаңы-Кызыл-Суу кѳчѳсүнүн акырында жайгашкан чолок кѳчѳгѳ Жаныгулов Дурсунбай атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.
2.Ош-3000 калктуу конушу боюнча;
а)Ош-3000 калктуу конушунун Ынтымак кѳчѳсүнүн аталышы ѳзгѳртүлүп,кѳчѳгѳ Уразов Сатыбай атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын. (Н.Калматов)
4.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу жагы айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.(А.Беделов)
5.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.(ТЖумаев)
Төрага | Т. Жумаев |