Загрузка документа…
САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясынын
2022-жылдын 9-декабры № 4
Сакалды айыл өкмөтүндөгү орто мектептерге, китепканаларга электр тогун жана интернет зымдарын тартып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 2-декабрындагы №01-17/2202 каты аткарууга алынсын.
2. Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин проектисинин негизинде Сакалды айыл өкмөтүндөгү 3 (үч) атайын орто мектепке компьютер, проектор, принтер, доска алынып келинип жаткандыгына байланыштуу электр тогун жана интернет зымдарын тартып, орнотуп берүү максатында жергиликтүү бюджетин эсесбинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты мыйзам чегинде ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Нишанбаев |