Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
2022-жылдын 17-октябры № 89/17-8
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 2022-жылдын 01 - мартындагы № 40/9-8 сандуу токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык кеңешинин 2022-жылга карата иш планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты, шаардык кеңештин “Энергетик” фракциясынын лидери Б.Н.Кыргызалиевдин Кара-Көл шаардык кеңешинин 2022-жылдын 01-мартындагы № 40/9-8 сандуу токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык кеңешинин 2022-жылга карата иш планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз ХVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 2022-жылдын 01-мартындагы № 40/9-8 сандуу токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык кеңешинин 2022-жылга карата иш планынын 21-катарындагы Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын 2022-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө отчётунда “6” деген сан “9” деген санга өзгөртүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңештин аппаратына, ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Т.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага | К.Д.Батыркулов |