Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы XVIII сессиясы
2022-жылдын 27-октябры № 1
Күздүк буудайга бериле турган жерлердин ижара акысы жөнүндө
Күздүк буудай эгүүчүлөр менен келишимдер, жана ижара акы боюнча маалыматтарды угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күздүк буудай эгүүгө бериле турган жер тилкелер аукциондон өтпөй калганы эске алынсын.
2. 2023-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөт менен күздүк буудай эгүүгө кызыктар болгон жергиликтүү жарандар менен түз келишимдер түзүлсүн. Ижара акысы 10 000 (он миң) сом деп белгиленин жана ал 10 000 (он миң) сомдун ичинде жер салыгы, соцфонддун төлөмдөрү камтылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Мамыралиев |