Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы XVIII сессиясы
2022-жылдын 27-октябры № 3
Боо-Терек айылдык аймагынын №228-контурунда жайгашкан 5,30 гектар жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
№228-контурунда 5,30 гектар жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө маселени угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык аймагынын №228-контурунда жайгашкан 5,30 гектар жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Мамыралиев |