Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы XVIII сессиясы
2022-жылдын 27-октябры № 4
Боо-Терек айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө
Боо-Терек айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө маалыматтарды угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштеп өнүгүшүн, социалдык-экономикалык жактан өсүшүн уюштуруу жана калкка социалдык- маданий кызматттарды жогорку деңгээлде көрсөтүү максатында, Боо-Терек айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкана ачылыш керек экендиги эске алынсын.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы муниципалдык ишкананы ачуу боюнча иштерди жүргүзүп, бул багытта кандай иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча Кеңешке маалыматтарды берип турсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Мамыралиев |