Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы XVIII сессиясы
2022-жылдын 27-октябры № 5
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн соттук иштерине адвокат жалдоо жөнүндө
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн соттук иштерине адвокат жалдоо жөнүндө маалыматтарды угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн соттук иштерине адвокат жалдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Адвокаттын көрсөткөн кызматы үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты акы катары белгиленсин. Соттук процессти этегине чыгарып, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргоп, жеңип чыккан болсо дагы 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты бонус катары берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагын Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Мамыралиев |