Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-ноябры № 21/2
Кочкор айыл аймагынын көчөлөрүнө светофор коюу жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын көчөлөрүнө светофор коюу жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловдун сунушун угуп , талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123-мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагынын И. Өмүров менен У.Бейшеев атындагы көчөсүнүн кесилишине, С.Орозбак менен Б.Исакеев көчөсүнүн кесилишине жана Бишкек Торугарт унаа жолундагы Б. Исакеев менен обьезднойдун кесилишине светофор коюлсун.
2. Кочкор райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү менен иш алып баруу жагын Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |