Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 21/3
Кочкор айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорго акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор айылынын Б.Исакеев көчөсүнөн обьезднойго чейин түнкү жарыктандыруу орнотуу жана Кочкор айылынын борбордук көчөлөрүнө видеокөзөмөл коюу боюнча Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна өткөрүү үчүн даярдалып жаткан долбоорго өздүк салым карап берүү маселесин карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123-мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна даярдалып жаткан долбоорго өздүк салым катары 596363,87 сом (беш жүз токсон алты миң үч жүз алтымыш үч сом сексен жети тыйын) каралып берилсин.
2. Кочкор райондук өнүктүрүү фонду менен иш алып баруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |