Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 21/4
Акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу мекемелерге кошумка акча карап берүү жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловдун сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123-мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. «Кочкор Таза-Суу» муниципалдык ишканасына 200 000 (эки жүз миң) сом, Теңдик айылына Таза-Сууга 160 000 (жүз алтымыш миң) сом, Топосьемка үчүн 385 4981(үч миллион сегиз жүз элүү төрт миң тогуз жүз сексен бир ) сом, Большевик айылына кошумча ГЭН планга 70 000 (жетимиш миң) сом, «Роза» магазиндин схемасы үчүн 10 000 (он миң) сом, Асель бала бакчага караган эски корпусун инженердик-геологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн 34584 (отуз төрт миң беш жүз сексен төрт) сом, мектептерге «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында келген компьютерлерди орноту үчүн керектүү чарбалык буюмдарды алууга 200 000 (эки жүз миң) сом, «Кочкор Жашыл чарбасы» муниципалдык ишканасына 500 000(беш жүз миң) окуучуларды сарайлардан ташуу боюнча кызмат көрсөтүүгө 400 000 (төрт жүз миң) сом, мектеп жана бала бакчаларга кышка даярдык үчүн 400 000 (түрт жүз миң) сом, АГЗга 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаттары каралып берилсин.
2. Акча которуп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |