Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 21/6
Трансформацияга сунушталган жердин жарандарга бөлүү өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Кочкор айыл аймагына караштуу трансформацияга сунушталып жаткан жайыт жердин бөлүү өлчөмүн аныктоо боюнча Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун катталгансунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123-мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагына караштуу трансформацияга сунушталып жаткан Кой-Таш, Саз, Чап, Орус мүрзө жалпы 379,44.56 га жайыт жер ар бир жаранга 0,10 (он) сотыхтан бөлүнүп берилсин.
2. Трансформатцияга сунушталып жаткан жайыт жердин бөлүү өлчөмүн мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу куомиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |