Загрузка документа…
ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-марты № 58
Октябрь айыл аймагынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскертүү ырым-жырымдарын өткөрүү тартибинин жобосун бекитүү жөнүндө
Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кенжебаев Маман, Жолколот, Уч-Кайнар, Отуз-Уул элинин чогулушунун протоколунун негизинде Октябрь айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскертүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартибинин жобосун бекитип берүү боюнча кайрылуусун Октябрь айылдык кенештин депутаттары карап, таанышып чыгып Октябрь айылдык кенеш токтом кылат:
1. Октябрь айыл аймагынын үй-бүлөлүк салтанаттардын жана маркумду эскертүү ырым-жырымдарын өткөрүү тартибинин жобосу бекитилсин.
2. Октябрь айыл өкмөт башчсы К.Кенжебаевге үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскертүү ырым-жырымдарын өткөрүү тартибинин негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдө жагы Октябрь айылдык Кеӊештин этика жана мыйзамдуулук комиссиясынын төрайымы Э. Мамырбаева жүктөлсүн.
Төрага | Т.Т Иманалиев |