Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясынын
2022-жылдын 02-августундагы № 24
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө беренеден беренеге жылдыруу жөнүндө
2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү айрым пайдаланылбаган беренеден пайдалана турган беренелерге жылдыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXII шайланышынын) кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын 2022-жылдагы бюджетинин аппараттагы пайдаланылбаган 3111 беренесинен 330,0мин сомду зарыл болгон айрым беренелерге, аппараттын 2211 беренесине 40,0мин сом, 2221 беренесине 30,0 мин сом,2215 беренесине 50,0мин сом,2823 беренесине 62,8мин сом жана орто мектептин 2224 беренесине 100,0мин сом,2215 беренесине 47,2 мин сом акча каражаты жылдырылсын
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы | А.У. Токтожумаев |