Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясынын
2022-жылдын 02-августундагы № 26
Жайыт комитетинен ижарага алган чөп чабынды аянтынын баасын бекитүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Рыскул уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл окмөтүнүн жайыт комитетинин жайыт пайдалануучулар бирикмесине ижарага берилген чөп чабынды аянттын ижара акысы 1500 (бир миң беш жүз) сомдон болуп белгиленсин. Ал эми Дөдөмөл өнүктүрүү фондуна 500 (беш жүз) сомдон болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы | А.У. Токтожумаев |