Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябры № 27
Тогуз-Торо айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн Курултайын чакыруу
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 15.09.2022-жылдагы №01/16-2906 сандуу катын негиздеп, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезексиз чакырылган VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагында Жергиликтүү Курултай 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 10-00 дө Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өткөрүлсүн.
2. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн айыл аймагы төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Ленин, Дөдөмөл, Кош-Булак, Өрнөк айылдары.
3. Тогуз-Торо айыл аймагы боюнча делегаттардын жалпы саны 50 адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй ирээтте көрсөтүлсүн.
-Ленин айылы боюнча делегаттардын саны 28 адам;
-Дөдөмөл айылы боюнча делегаттардын саны 15 адам;
-Кош-Булак айылы боюнча делегаттардын саны 5 адам;
-Өрнөк айылы боюнча делегаттардын саны 2 адам;
4. Ар бир аймактык бөлүктөрүндө Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Ленин айылында 2022-жылдын 22-октябрь күнү 11-00 дө айыл өкмөтүнүн жыйындар залында;
-Дөдөмөл айылында 20-октябрь күнү саат 12-00 дө Дөдөмөл айылдык клубунун имаратында;
-Кош-Булак айылында 19-октябрь күнү саат 12-00 дө Ы.Кадыркулов атындагы орто мектебинин имаратында;
-Өрнөк айылында 23-октябрь күнү саат 11-00 дө Аскалы башталгыч мектебинин имаратында;
5. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир аймактык бөлугүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
Ленин айылы боюнча:
Тилеманбетов Акназар-Ы.Кадыркулов,Горная көчөлөрү;
Аманалиева Назира -К.Азаматов көчөсү;
Тагайбеков Улукбек-Р.Чокморов,Т.Жээналиев, К.Абдыжапаров көчөлөрү;
Бекташова Жанара-Тобок Т.Шайнаев көчөлөрү;
Бейшенкадыр уулу Төлөгөн-Т.Мурзалиев, Я.Бердалиев көчөлөрү;
Кадырберди кызы Жазгүл-Т.Кожалиев көчөсү;
Дөдөмөл айылы боюнча:
Кыдыкбаева Бейшегүл-Мектеп,Демилге көчөлөрү;
Эгембердиева Таалайбүбү-Дөдөмөл-6,Дөдөмөл-7 көчөлөрү;
Эркинбаев Анарбек-Дыйкан,Береке,Дөдөмөл-2 көчөлөрү;
Кош-Булак айылы боюнча
Жээналиева Гүлүм;
Өрнөк айыл боюнча:
Тилеманбетов Акназар-Базар,Мазар көчөлөрү;
6. Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 9(тогуз) адам деп бекитилсин жана төмөндөгудөй курамда түзүлсүн:
Токтожуиаев Урмат Акматбекович-жумушчу топтун төрагасы,айылдык кенештин төрагасы;
Акунова Зууракан Эсенкановна –жумушчу топтун катчысы,айыл өкмөттүн жооптуу катчысы;
Кыдыкбаева Бейшегүл Тынымсейитовна -жумушчу топтун төрагасынын орун басары,айылдык кенештин депутаты;
Тилеманбетов Акназар Садырович-жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
Тагайбеков Улукбек Тагайбекович –жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
Бекташова Жанара Бекташовна -жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
Жээналиева Гүлүм Шайлообековна -жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
Турусбеков Дамирбек Оболканович- жумушчу топтун мүчөсү,Дөдөмөл айылынын башчысы;
Токтогазы уулу Эрлан- жумушчу топтун мүчөсү,Кош-Булак айылынын башчысы;
Шайнаева Рыскүль Теңирбердиевна- жумушчу топтун мүчөсү,Өрнөк айылынын башчысы;
Молдалиев Алтын Советбекович- жумушчу топтун мүчөсү,айыл өкмөтүнүн адиси;
Таалайбеков Аманбек Таалайбекович- жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөтүнүн адиси;
7. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
8. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өз жоопкерчилигиме калтырамын
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы | А.У. Токтожумаев |