Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган VIII сессиясынын
2022-жылдын 07-октябры № 29
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин 9 айында пландан ашыкча түшкөн акча каражатын кошумча план кылып киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин 9айына салык агенти төлөөчү киреше салыгынан пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план кылып киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXII шайланышынын) кезектеги чакырылган VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин 9 айына киреше бөлүгүндөгү пландан ашыкча түшкөн салык агенти төлөөчү киреше салыгынан 600,0 миң сомду айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 11111100 беренесине кошумча план кылып жана чыгаша бөлүгүнүн айрым керектүү болгон беренелерине аппараттын 2823 беренесине 31,5 миң сомду, 2215 беренесине 413,2 миң сомду, 2222 беренесине 20,0 миң сомду, 2621 беренесине 5,3 миң сомду, 3111 беренесине 100,0 миң сомду жана жайыттын 2215 беренесине 30,0 миң сомду кошумча план болуп киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы | А.У. Токтожумаев |