Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган VIII сессиясынын
2022-жылдын 07-октябры № 30
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жанылмырза бала бакчасынын эски курулуш материалдарын баалап сатуу жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жанылмырза бала бакчасынын эски курулуш материалдарын баалап сатуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XXII шайланышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу Жанылмырза бала бакчасында капиталдык ремонт жүрүп жаткандыктан пайдаланылбаган эски курулуш материалдарын баалап сатууга атайын комиссия түзүлсүн.Сатуудан түшкөн акча каражаты бала бакчанын атайын каражатынын эсептик счетуна төгүлүп кайра бала бакчанын ойноо аянтчасын жасоого жумшалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы | А.У. Токтожумаев |