Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 21- сессиясы
2022-жылдын 6-декабры №21/1
Дөбөлу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджеттик каражаттардын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жыл башында калган акча каражатына бекитилген сметага өзгөртүү киргизүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Бектемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин жыл башында калган акча каражатынын сметасына бекиген маданий иш чараларды өткөрүүгө 22154100 беренесине каралган 65500 сом зарыл чечүүгө жаткан төмөндөгү чыгымдарга которулуп берилсин:
-Дөбөлү айылындагы Токтосунов атындагы орто мектебинин окуучуларды ташуу үчүн 22141100 беренесине 35,0 миң сом, 22141200 беренесине 10,0 миң сом;
-Алыш орто мектебинин окуучуларын ташууга 22141100 беренесине 20,5 миң сом.
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин сметасына бекиген 22154900 беренесиндеги каражаттын эсебинен зарыл чечүүгө жаткан төмөндөгү чыгымдарга которулуп берилсин:
-Алыш орто мектебинин окуучуларды ташыган унаасына тетиктерди сатып алууга 22141200 беренесине 32,0 миң сом,мектептин от казынанын электр насосу авариялык абалга келгенине байланыштуу 31122390 тетиктерди алмаштыруу беренесине 42,7 миң сом;
3. Дөбөлү маданият үйүндө маданий иш чараларды өтүүгө каралган 22154100 беренесиндеги акча каражатынын эсебинен принтер алууга 25,0 миң сом 31123230 беренесине жылдырылып берилсин.
4. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Кадырбеков |