Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 22- сессиясы
2022-жылдын 23-декабры №22/1
Дөбөлү айылдык аймагында муниципалдык иш кана ачуу жана айыл аймактагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, жалпы элдик жыйынынын муниципалдык ишкана түзүү жана ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысын билдирүүсүн угуп
токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагында элди ичуучу таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайытты пайдалануу жана тазалык боюнча маселелерди өзүнө камтыган бирдиктүү муниципалдык иш кана түзүлсүн.
2. Жалпы элдик жыйынындагы "Баэл" таза суу пайдалануучулар коомдук бирикмесинин курулмалары, ирригациялык (Бурган-Суу - 1281м, Төө-Жайлоо - 3297м, Дөбөлү - 4688м, Куру-Сай - 1105м, Салкын-Төр - 5122м, Чоң-Алыш - 14850м) курулмаларды жана жайыт пайдалануучулар бирикмеси белгилүү бир ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканага муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын.
3. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- «Байэл» коомдук бирикмеси, жайыт пайдалануучулар бирикмеси жана аймактагы ирригациялык курулмалар түрүндө мүлктү кабыл алуу-берүү актысын түзүү;
- «Байэл» коомдук бирикмеси, жайыт пайдалануучулар бирикмеси жана аймактагы ирригациялык курулмалар түрүндө мүлктү жана ыйгарым укуктарды берүү;
- келишимине кол коюу, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүү жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттоо;
- Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине киргизүү.
4. Аталган токтом веб сайтка жарыялоо, Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жоопту катчы Ж. Касымовага милдеттендирилсин
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Кадырбеков |