Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 22- сессиясы
2022-жылдын 23-декабры №22/3
Дөбөлү айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2023-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин электр чубалгыларын капиталдык ремонттон өткөрүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши
токтом кылат:
1. Дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебине долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 3510,56( үч миллион беш жүз он миң беш жүз алтымыш ) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин электр чубалгыларын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 702112 (жети жүз эки мин жүз он эки) сомду түзгөн 2023-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектемировго милдеттендирилсин.
Тѳрага | С. Кадырбеков |