Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Дөбөлү айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 22- сессиясы
2022-жылдын 23-декабры №22/2
Жергиликтүү маанидеги "тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу" маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттпк администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысыньга дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланьпптуу чаралар боюнча сунушун угуп, Дөбөлү айылдык Кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Жергиликтүү маанидеги "тиешелүү аймакты экономикальгк өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу" маселесин башкаруу тартиби дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин. 1-тиркеме
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүн ишке ашырылуусун камсыз кылынсын.
3. Аталган токтом веб сайтка жарыялоо, Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жоопту катчы Ж. Касымовага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбелү айылдык Кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Кадырбеков |
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVIII -чакырылышынын кезексиз 22-сессиясынын
2022-жылдын 23-декабрындагы № 22/2 Токтомуна
1 -тиркеме
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсызкылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандарга сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин тизмеги
№1 | Кызматтардын, функциялардыи, милдеттендирилменин аталышы | Аткаруу үчүн жоопту жак |
1. Кызматтар | ||
1.1. | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү | Суу пайдалануучулар ассоциациясы (келишим боюнча) |
2. Функциялар | ||
2.1. | Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейидик кенештин ишине катышуусу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2. | Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү. | Айыл өкмөтүнүн финансытык-эшномикалык бөлүмү |
2.3. | Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык; курулмаларды коддонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө. | Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмү |
2.4. | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана, бекитүү | Айыл екмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кецеш |
2.5. | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө. | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6. | Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу. | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергидиктуү кеңеш |
2.7. | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эссптөө жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтуү кенеш |
2.8. | Дөбөлү айылдык аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнун башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3. Милдеттенмелер | ||
3.1. | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объекттери катары колдонууга берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.2. | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым-жартылай компенсациялоо. | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтуү кеңеш |
3.3. | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды белүп берүү | Жергиликтүү кеңеш |
3.4. | Субсидия аркылуу кызмат керсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы |