Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 23/81
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жайгашкан 57,42 га жер тилкелерин которууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 25-апрелиндеги №33 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 01-8/96 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жайгашкан 57,42 га жер тилкелерин которууга (трансформация) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Калматов |