Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 23/82
2023-жылдын апрель айында Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жаштар арасында болуп өткөн бейбаштык боюнча ШИИБ маалыматы жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын апрель айында Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жаштар арасында болуп өткөн бейбаштык боюнча ШИИБ маалыматы эске алынсын.
2. Жаштар жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мектептерде тарбиялык сааттарды өткөрүү, участкалык милициялар тарабынан көчөлөргө рейддерди уюштуруу жагын күчөтүү шаардык мэрияга, билим берүү бөлүмүнө, шаардык ички иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Шаардын көчөлөрүнө заманбап видеокамераларды орнотуу, шаардын борбордук эс алуу багынын айланасын тосуу жагы шаар мэри А.Маткалыковго сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Калматов |