Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 23/80
Кызыл-Кыя шаарынын Кыргызстандын 60 жылдык көчөсүндөгү 6 (алты) соток жерге көп кабаттуу турак үй салганга макулдук берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 11-апрелиндеги №31 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Орунбаева Гулсунбукан Адыевнанын ишенимдүү өкүлү Орунбаев Эрнис Рахимжановичтин шаардык кенешке келип түшкөн арызын карап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын Кыргызстандын 60 жылдык көчөсүндөгү 6 (алты) соток жерге көп кабаттуу турак үй салуу маселесин кароо соттун чечими чыкканга чейин токтотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Калматов |