Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVI кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 29-ноябры № 26/1
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына региондорду өнүктүрүү фонду аркылуу Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү паркына өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү паркын региондорду өнүктүрүү фонду долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVI кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү паркын региондорду өнүктүрүү фонду долбоорунун жалпы суммасынын 20% (382 692,0 сом) өздүк салым акча каражаты каралсын.
2. Керектелүүчү өздүк салым акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин;
3111- 382 692,0 (үч жүз сексен эки миң алты жүз токсон эки) сом
3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | М.Турганалиев |