Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-декабры № 27/1
Жерге-Тал айылдык аймагынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Тешик Суу, Чоң Алыш суу пайдалануучулар ассоциациясынын жана Кызыл-Жылдыз №2 каналынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысын угуп, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Тешик Суу, Чоң Алыш суу пайдалануучулар ассоциациясынын жана Кызыл-Жылдыз №2 каналынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы:
Тешик Суу, Чоң Алыш жана Кызыл-Жылдыз №2 суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрүндө кабыл алуу-берүү актын түзсүн.
Тешик Суу, Чоң Алыш суу пайдалануучулар ассоциациясы жана Кызыл-Жылдыз №2 каналы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарына каттасын.
Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
Ушул Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы №27/1 токтомун юстициянын Нарын облустук башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба,токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Турганалиев |