Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-декабры № 27/2
Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагында ичүүчү таза суу үчүн жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын башчысы Р.Миназаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын башчысы Р.Миназаровдун Жерге-Тал айыл аймагында ичүүчү таза суу үчүн жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын.
2. Жерге-Тал айыл аймагында ичүүчү таза сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи) ар бир жанга көчөдөн ташып ичкендерге бир айга 20 сом, үй ичине киргизип колдонгондорго айына бир жанга 30 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жерге-Тал айыл аймагында графикке ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын (таштандыларын) чыгаруунун наркы ар бир жанга бир айга 20 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М.Турганалиев |