Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-декабры № 27/3
Жалгыз-Терек айылындагы жаңы салынган ФАПка ысым ыйгаруу жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылында саламаттык сактоого кошкон салымын жана көп жыл талыкпай эмгектенип, «Эмгектеги күжүрмөндүүлүгү үчүн» Акматова Алтын Абиловнанын ысымын, Жалгыз-Терек айылындагы жаңы курулган ФАПтын ысымын ыйгаруу боюнча Жалгыз-Терек айылынын тургундарынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы №10 протоколунун негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек айылындагы жаңы курулган ФАПка Акматова Алтын Абиловнанын ысымы ыйгарылсын.
2. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалынан жана Нарын районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
3. ФАПтын аталышынын жазылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин Акматова Алтын Абиловнанын жакын туугандарына, балдарына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин билим берүү, маданият, спорт, жаштар саясаты, саматтыкты сактоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | М.Турганалиев |