Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-декабры № 27/5
Жерге-Тал айыл аймагында мүлк салыгынын Кз (зоналык коэффициентин) жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдыг 22-декабрыныдагы №01-18/3200 сандуу каты жана Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адис М.Дүйшеевдин маалыматын угуп, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгынын зоналык коэффициенти (Кз) 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыкты тескөө, башкаруу Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин» негизинде ишке ашырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адис М.Дүйшеев, жетектөөчү адис А.Жетигеновго жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Экономика , финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш жана этика боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Турганалиев |