Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 14-декабры № 27/6
Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү менен жалпы элдин атынан жана «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө 2020-жылдын 29-сентябрындагы түзүлгөн негизги келишимге толуктоо киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич мындан ары «1-Тарап» деп аталып жана «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору, Уставдын негизинде иш алып барган Субанов Ринат Жолдошбекович, мындан ары «2-Тарап» деп аталып, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү менен жалпы элдин атынан жана «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө 2020-жылдын 29-сентябрында түзүлгөн келишимге (келишимдеги 5.3. пунктун негизинде) төмөнкүдөй толуктоолорду киргизүү максатында, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XХVII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү менен жалпы элдин атынан жана «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө 2020-жылдын 29-сентябрындагы түзүлгөн негизги келишимге төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
2.4.5. жана 2.4.6. пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
2.4.5. пунктусуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин;
«2.4.5. Отчетторду, экологиялык жана геологиялык маалыматтарды мамлеккеттик органдарга, айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы айыл өкмөткө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү кеңешке өз убагында берип турууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында кен байлыктарын пайдалануучулар үчүн милдеттүү болгон башка милдеттемелерди аткарууга»
2.4.6. пунктусуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин;
«2.4.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы айыл өкмөткө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү кеңешке кен казуу иштеринин, финансылык, экологиялык, өндүрүштүк абалынын жүрүшүн көзөмөлдөө иштерине мүнкүнчүлүк түзүү жана тоскоолдук келтирбөө»
2. 1-Тарап Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич жана 2 Тарап «АТ Минералз» жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору, Уставдын негизинде иш алып барган Субанов Ринат Жолдошбекович Келишимдеги 5.3. пунктун негизинде өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип кол коюу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М.Турганалиев |