Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Учкун айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын 10-кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 20-декабры № 10/1
Учкун айыл аймагы боюнча муниципалдык ишкана ачууга байланышкан маселе тууралуу
Учкун айыл аймагынын Куланак, Учкун айылдары боюнча биргелешип откорулгон жыйналышынын 19.12.2022-жыл № 14 токтомунун негизинде Учкун айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХХI чакырылышынын кезексиз сессиясы
токтом кылат :
1. Учкун айыл аймагы боюнча ( таза суу, СПА, калдыктарды (мусор) иштетүү, айыл ичиндеги тазалык жана жашылдандыруу, жарыктандыруу , ички жолдор, тротуар, көпүрөлөрдү тейлөө, корук, ж.б.ички чарбалык иштер ) багыттарын тейлеген муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2.Таза суу, СПА, жана ички коммуникациялардын материалдык баалуулуктары боюнча инвентаризация жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу боюнча атайын комиссия түзүү аркылуу иштерди алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жана анын аппаратына тапшырылсын.
3.Жогорудагы токтомдун пункттарынын аткарылышына жалпы көзөмөлдук кылуу Учкун айылдык Кеңешине калтырылсын.
Төрага | К. Тостоков
|