Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Учкун айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын 10-кезексиз сессиясынын
2022-жылдын 20-декабры № 10/2
Учкун айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2023-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы айтылган сунуш, пикирлерди эске алып
токтом кылат :
1.Түрткү берүүчү (үлүштук) гранттардын эсебинен долбоорду тандоо жана анын Жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 5.011.700 (беш миллион он бир миң жети жүз) сом түзгөн Учкун айылындагы Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар окуган корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору жактырылсын.
2.Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары 2.011.700 (эки миллион он бир миң жети жүз) сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3.Токтомду веб сайтка жайгаштыруу, юридикалык каттоодон өткөрүү жагы Учкун айылдык Кеңешинин катчысы О.Омуралиевге милдеттендирилсин.
4.Долбоорду ишке ашырууну камсыздоо Учкун айыл өкмөтүнун башчысы Э.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Тостоков
|