Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 1
Курманбек айылдык кеңешинин токтомдорун кыргыз тилинде кабыл алуу жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдорду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болгон кыргыз тилинде кабыл алуу жана массалык маалымат каражаттарына дагы кыргыз тилинде жарыялоо боюнча Курманбек айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Джапаровдун сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болгон кыргыз тилинде кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган токтомдор Курманбек айыл аймагынын расмий сайтына жана массалык маалымат каражаттарында кыргыз тилинде гана жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | З. А. Ботобаева |