Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 2
Курманбек айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №1-токтомуна бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жана айыл өкмөтүнүн кошумча каражаттарынын эсебинен түшкөн акча каражаттарына киреше планын көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №1-токтомунун 4-пунктунда 706-бөлүмдүн 2215 (Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү) беренесине 2022-жылга даярдалуучу Саты айылынын жолунун долбооруна иш кагаздарын даярдоого кетүүчү чыгымдарды каржылоого бекитилген 100,0 миң сом акча каражаты ушул эле бөлүмдүн 2221 (Курулмаларды учурдагы оңдоо) беренесине Саты айылынын жолунун учурдагы оңдоосуна, 709-бөлүмдүн 2215 (Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү) беренесине. Кара-Чолок айылынын бала бакчасынын курулушуна техникалык көзөмөлдөөчү адистин кызматына бекитилген үнөмдөлгөн 107,0 миң сом акча каражаты, 706-бөлүмдүн 2215 (Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү)беренесине Кара-Чолок айылынын М.Калмурзаев көчөсүнүн асфальттоосуна техникалык көзөмөлдөөчү адистин кызматына бекитилген үнөмдөлгөн 20,0 миң сом жалпысы 127,0 миң сом акча каражаты , 706-бөлүмдүн 2215 (Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү) беренесине Таран-Базар айылынын Кебекбаев Тойчу көчөсүнүн асфальттоосуна техникалык көзөмөлдөөчү адистин кызматына кетүүчү чыгымдарын каржылоого жылдырылсын.
2. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда иштеп жаткан “Чайна Роуд” компаниясынан, билим берүү, маданият жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысынын көтөрүлүшүнүн эсебинен
-“Салык агенти төлөөчү киреше салыгынын” (11111100) беренесинин планы 1 357,9 миң сомго,
- “Чакан ишкердик субьекттери үчүн бирдиктүү салык» (11121100) беренесинин планы 450,2 миң сомго,
- “Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин иштетүү үчүн ижара акысы” (14152600) беренесинин планы 370,0 миң сомго көтөрүлсүн.
Жогорудагы көтөрүлгөн салыктан түшкөн акча каражаттарынын 1 012,9 миң сому 706-бөлүмдүн 3111 (Жолдорду сатып алуу жана куруу) беренесине Таран-Базар айылынын Кебекбаев Тойчу көчөсүн асфальттоого айыл өкмөтүнүн салымын төлөөгө, 887,1 миң сому 706-бөлүмдүн 3111 (Жолдорду сатып алуу жана куруу) беренесине Кара-Чолок айылынын М.Калмурзаев көчөсүн асфальттоого айыл өкмөтүнүн салымын төлөөгө, 27,5 миң сому 709-бөлүмдүн 2222 (Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу) беренесине Жоон-Күнгөй айылындагы Таштемир Кочкоров мектебине электро товар алууга, 12,0 миң сому 709-бөлүмдүн 2221 (Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар) беренесине Таран-Базар айылындагы Мамат Камбаров мектебинин жылытуу системасын оңдоого материалдарды алууга, 60,0 миң сому 706-бөлүмдүн 2215 (Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү)беренесине айыл аймактагы жолбун иттерди атууга, 50,0 миң сому 701-бөлүмдүн 2215 (Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү) беренесине спортсмендердин чыгымдарына, 20,0 миң сому 701-бөлүмдүн 2215 (Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү) беренесине архив кызматына, 30,0 миң сому 706-бөлүмдүн 2214 (Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр) беренесине кар сүрүүгө күйүүчү май алууга, 50,0 миң сому 710-бөлүмдүн 2721 (Калкка социалдык жардам боюнча жолок пул) беренесине кетүүчү чыгымдарын каржылоого, 28,6 миң сому 701-бөлүмдүн 2621 (КР ЖӨБ органдарынын ассоциациясы, союздарына төгүмдөр) беренесине мучөлүк акы төлөөгө жумшалсын .
3. Таран-Базар айылындагы жаңы конуштарга трансформатор алууга жааматтын төлөмү үчүн атайын каражаттан “Учурдагы жардам” (14411100) беренесинин планы 70,0 миң сомго көтөрүлсүн.
Бюджеттик баланстуулукту сактоо максатында жааматын төлөмүнөн түшкөн 70,0 миң сом акча каражаты 701-бөлүмдүн 3112 (Машиналар жана жабдуулар) беренесине жаңы конуштарга трансформатор алуу үчүн айыл айыл өкмөтүнүн салымын төлөөгө жумшалсын.
4. 2022-жылдын бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомду айыл өкмөтүнүн kurmanbek-aimak. kg веб сайтына жайгаштыруу жана юстициядан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Джапаровго, ал эми токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Н. Абдукаимовко жана айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековго жүктөлсүн.
Төрага | З. А. Ботобаева |