Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 3
Курманбек айыл өкмөтү тарабынан түрткү берүүчү грантка сунушталуучу долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы,айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Э.Эрматованын Саты айылынын ички жолун асфальтоо үчүн түрткү берүүчү грантка долбоорду сунуштоо боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнун Саты айылынын ички жолун асфальтоо үчун долбор мамлекеттик түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
2. Долбоорго Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 3188,5 ( үч миллион бир жүз сексен сегиз миң беш жүз) сом өздүк салым катары каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төрага | З. А. Ботобаева |