Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 30-сентябры № 4
Курманбек айыл өкмөтү тарабынантүрткү берүүчү грантка сунушталуучу долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы, айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Э.Эрматованын Таран-Базар айылынын Т.Кебекбаев көчөсүн асфальтоо үчүн түрткү берүүчү грантка долбоорду сунуштоо боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнун Таран-Базар айылынын Т.Кебекбаев көчөсүн асфальтоо үчун долбор мамлекеттик түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
2. Долбоорго Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 1404,5 ( бир миллион төрт жүз төрт миң беш жүз) сом өздүк салым катары каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төрага | З. А. Ботобаева |