Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 1-ноябры № 6
Турак жай куруу үчүн чектерди берүү жөнундө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18.08.2005-жылдагы №384 токтомунун негизинде Таран-Базар айылындагы Терек участкасындагы 3,0 га трансформациядан чыккан жерди айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таран-Базар айылынын Терек участкасындагы турак жай курууга бөлүнгөн 3,0 га жер, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын картасында суу түтүкчөнун күн чыгыш тарабында көрсөтүлуп калган, Сузак райондук архитектуранын ген.планы боюнча күн батыш тарабына жайгашкан. Ошондуктан Сузак райондук архитектуранын берген ген.планынын негизинде бөлүнуп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманбек айыл өкмөтунун башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төрага | З. А. Ботобаева |