Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 1-ноябры № 3
Курманбек айылдык кеңешинин 30-сентябрындагы кезексиз XIII-сессиясында кабыл алынган Курманбек айыл өкмөтү тарабынан түрткү берүүчү грантка сунушталуучу долбоорго колдоо көрсөтүу жөнүндөгү №-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, Курманбек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-сентябрындагы кезексиз XIII-сессиясында кабыл алынган №4 токтомунун 2-пунктуна Таран-Базар айылынын Кебекбаев Тойчу көчөсүн асфальтоо үчун мамлекеттик түрткү берүүчү грантка сунушталуучу долбоордун сметалык баасынын өскөндүгунө байланыштуу өзгөртүү киргизүү боюнча ФЭБ нун башчысы Э.Эрматованын сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-сентябрындагы кезексиз XIII-сессиясында кабыл алынган № 4 токтомунун 2-пунктуна Таран-Базар айылынын Кебекбаев Тойчу көчөсүн асфальтоо үчун мамлекеттик түрткү берүүчу грантка сунушталуучу долбоордун сметалык баасынын өскөндүгунө байланыштуу өзгөртүү киргизилсин;
2. Долбоорго Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 2274,4 ( эки миллион эки жүз жетимиш төрт миң төрт жүз) сом Кебекбаев Тойчу көчөсүн асфальтоо үчүн өздүк салым катары каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төрага | З. А. Ботобаева |