Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 1-ноябры № 10
Акбашев Маданбектин ысымын берүү жөнундө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, Жалал-Абад, Балыкчы авто жолундагы Саты айылынын кире беришиндеги бурулуштан баштап, Апаев Шермаматтын үйүнө чейинки көчөгө Акбашев Маданбектин ысымын берүү жөнундө А.Акбашевтин жана Саты айылынын элинин кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад, Балыкчы авто жолунун Саты айылына кире беришиндеги бурулуштан, Апаев Шермаматтын үйүнө чейинки көчөгө Акбашев Маданбектин ысымы берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | З. А. Ботобаева |